Биз бүгүн дартыма даба таптым, медицина жардам бере албаган оруудан сакайдым деген TAOVITA компаниясы тууралуу сөз кылабыз. TAOVITA — 2019-жылы негизделген орусиялык соода жана өндүрүштүк компаниясы. Аталган компаниянын негизги ишмердүүлүгү – дүйнөдө теңдеши жок уникалдуу, жогорку эффективдүү ден соолукту чыңдоочу продукцияны өндүрөт.
Бардык продуктылар адамдын ден соолугун сактоого жана чыңдоого, ар кандай оорулардын алдын алууга жана жашоо балансын сактоого багытталган.
TAOVITA компаниясынын багыты активдүү узак жашоо программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу, жаштыкты жана сулуулукту узак мөөнөткө сактоого көмөктөшүү.
Бул компаниянын бир канча ден соолукка пайдалуу өндүргөн продукциясы бар. Булар чыгарган продукциялар дары болуп эсептелбейт. Тагыраагы, витаминдердин топтомунан турат. Көп орууну алдын алат. Продукцияларын ичип көрсөңүз жаныңызды кейиткен оорудан арылып, сергек жашоого багыт аласыз. TAOVITA компаниясы витаминдерди чыгарган жөн эле компания эмес. Айтайын дегеним, ар бир продукция адамдардын ден соолугуна жараша врачтардын көрсөтмөсү менен берилет. Тагыраагы, бул компаниянын өзүнчө клиникасы бар.
Мисалы, жай келип, кыз-келиндердин баары арыктоого ашыгышат. TAOVITA компаниясынын Regene Collagen Slim суусундуктарындагы активдүү чөп ингредиенттери ашыкча салмак менен натыйжалуу күрөшүүгө, табитти азайтууга, иммундук системаны бекемдөөгө жардам берет.
Курамындагы Hydroxycitric кислотасы (HCL) табитти басууга жана салмак жоготууга өбөлгө түзөт. Зат алмашууну жакшыртып, клеткаларды активдештирип, узак жашоого шарт түзөт. Терини ичинен азыктандырып, денени кургакчылыктан арылтып, тамак сиңирүү системасын нормалдаштырат. Ашыкча салмактан пайда болгон целлюлитти жок кылат. Целлюлит менен активдүү күрөшөт. Зат алмашууну жакшыртып, токсиндерди чыгарат. Жана глюкозаны майга айландыруучу ферменттердин активдүүлүгүн нейтралдаштырат. Regene Collagen Slim курамында Коэнзим Q10 да бар. Ал клеткаларды иммундук системаны кармап туруу үчүн зарыл болгон энергия менен толтурат, тышкы инфекциялардын чабуулдарына туруштук берүүгө жардам берет жана клеткалардын кычкылтекти кабыл алуу процесстерин жакшыртат.
Курамында: А , В1, В2, В3, В4 , В5, В9, С, Е , РР бар. Макро жана микроэлементтерден: йод, калий, кальций, фосфор, натрий, марганец, цинк жана жез бар.
Бул компаниянын продукциясын ичип арыктагандардын салмагы да азайып, денеси шалбырап калбай жыйрылат. TAOVITA компаниясынын продукцияларынан дартыма даба таптым дегендер миңдеп саналат.
Суюк темир (Ferro Nuovo)
Ferro Nuovo организмдеги темирдин жетишсиздигин компенсациялайт, кандагы гемоглобиндин жана эритроциттердин деңгээлин нормалдаштырат, темир жетишсиздигинен күч ала турган анемияны алдын алат.
Темир — энергия өндүрүүдө, иммундук системанын иштешинде жана неврологиялык ден-соолукта борбордук ролду ойногон организм үчүн маанилүү минерал. Темир кычкылтектин кыртыштарга жана булчуңдарга өтүшүнө катышат. Ferro Nuovo биокомплекс ашказан-ичеги карынга терс таасирин тийгизбестен организмдеги темирдин жетишсиздигин компенсациялайт, иммундук системаны бекемдейт, жугуштуу оорулардын козгогучтарына туруктуулукту жогорулатат. Катуу жана узакка созулган оорудан кийин организмдеги калыбына келтирүү процесстерин тездетет. Ferro Nuovo — биожеткиликтүү темирдин табигый булагы. Биожеткиликтүүлүгү темирди ашказандын туз кислотасы менен өз ара аракеттенүүсүнөн коргогон өсүмдүк тектүү органикалык кислоталар менен темир молекуласынын хелат кошулмасынын эсебинен камсыз кылынат. Мунун аркасында темир толук сиңет.