Домой Аналитика Улан Жумаков: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тышкы саясатты туура жүргүзүп жатат

Улан Жумаков: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тышкы саясатты туура жүргүзүп жатат

51

 

Кытай жутуп жиберет деп көптөр коркушат, мындан ары да ушундай коркунучтуу окуялар көп  чыгат. Анткени, мындай провокациялык окуяларды Кыргызстандын душмандары жасап жатат. Кытай эч качан кол салган эмес, бардык учурда ал өзүн гана коргоп келген, буга Улуу Кытай дубалы далил. Садыр Жапаров өз убагында, өзгөчө коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиле түзүп жатат, бул туура.

Мага ишенип койгула, каршы пикирлерди жараткан  күндөр да  өтөт, Украинадагы согуш да бүтөт. Анткени, кандай гана согуш болбосун бүтөт, президенттер да кетишет. Себеби, алар кол салуудан өлбөсө,  бардык адамдардай эле ажалы жеткенде өлүшөт.  Ошондо тынчтык орнойт, ал жерде кайрадан бардык өлкөлөр соода жана башка экономикалык жолдорду активдүү издей башташат.

Ошондуктан Кыргызстан азыртан эле ар кайсы өлкөлөр менен соода жана башка мамилелерди жүргүзө башташы үчүн бул эл аралык темир жолду куруу керек. Кийинчерээк башкалар да товарларын, продукцияларын ушул темир жол менен ташууну сурана башташат. Темир жол  көбүрөөк пайда табууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз бар тең, Кыргызстан укуктуу мамлекет катары калыптанышына мезгил жетти, мамлекетибиз кимдир бирөөнүн кол астында болушу керек дегенди башыбыздан чыгарышыбыз керек. Анткени, мындай  советтик ой жүгүртүү мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоол болуп, тормоз болуп жатат.

«Улуу ага» жана «кичүү ини» деген түшүнүк жок, бир гана «өнөктөш», «шериктеш” же «душман»  баары жана дайыма бирдей шартта болушу керек.

Мен дагы деле жок өлкөнү сүйүп, өткөн менен жашап, жада калса жаштарды өздөрү менен кошо артка сүйрөгөн адамдарды түшүнбөйм. Биз бар мамлекетибизди сүйүп, көздүн карегиндей бапестеп, акырында Кыргызстандын бизден башка эч кимге кереги жок экенин түшүнүшүбүз керек.

Биздин Кыргыз Республикасы керемет өлкө, чет өлкөдө болсоңор да, көчөдө, айылдарда, шаарларда сүйлөшкөндө да ар дайым аны коргогула.