Домой Расмий кабарлар Сиань шаарында Борбор Азия өлкө лидерлеринин КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу...

Сиань шаарында Борбор Азия өлкө лидерлеринин КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземи болду

1
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Биринчи айым Айгүл Жапарова менен чогуу бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын мамлекеттик сапарларына арналган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Төрагасы Си Цзиньпин менен учурашуу аземине катышты.
Возможно, это изображение 4 человека, Храм Неба и текст
Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен учурашуу аземи Тан династиясынын лотос багында өтүп, жогорку даражалуу конокторду КЭР Төрагасы Си Цзиньпин жубайы менен тосуп алды.Возможно, это изображение 2 человека, пион, эустома и помост
Салтанаттуу азем Тан династиясынын доорундагы стилде өттү. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары үчүн «лотос бийи» түрүндө кыскача театрлаштырылган оюн-зоок уюштурулду.
Возможно, это изображение 1 человек и текст
Учурашуу аземинен жана чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Си Цзиньпин куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Андан соң КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин атынан расмий кабыл алуу болду.
Возможно, это изображение 13 человек и помост