Биринчиден, бул мыйзамда бар. Ал мыйзам 2019-жылы ЖК тарабынан кабыл алынган. Муну ошол эле акчасын чачып, элдин добушун алып, мандатка ээ болгон сиздердин “сүймөнчүк” эл өкүлдөрүңүздөр ошол жылы кош колдоп колдоп беришкен. А күч органдарынын кызматкеринде эмне күнөө?
Экинчиден, бул берене бир эле прокуратурага эмес бүткүл күч органдарына тиешелүү. Жакпай жатабы анда ошол эле сиздер шайлаган эл өкүлдөрүңөргө кайрылып, бул беренени алдырткыла, болбосо үйдө жатып алып эксперт анан эл үчүн күйгөн күйдүргү боло бербей элдик инициатива көтөрүп, кол чогултуп мыйзам долбоорун кароого киргизгиле!
Үчүнчүдөн, мамлекет ар бир өлгөн күч органдарынын кызматкерлерине эле чекеден мындай чоң сумманы төлөй бербейт. Ал жерде процедура, нормалар бар. Кандай убакта, канча сумма төлөнүшу керекги так, даана жазылган эреже бар.
Төртүнчүдөн, Жогорку Кеңештин депутаттары жеткен популисттер. Жагдайдан пайдаланып элге көрүнүп алайын деген эргулдар экенин баарыбыз түшүнөбүз, билебиз. Алардын “популизимине” көп алдыра бербейли!
Бешинчиден, кайсы күч органдарынын кызматкери болбосун өмүрүнөн айрылып 21 миллион алып калсам экен деген ниети таптакыр болбостугун алар эле эмес биз да жакшы билебиз. Өмүр баа жеткис кымбат! Эч ким өмүрүн акчага баалап сатпайт.
Алтынчыдан, маселени сыртынан эмес ичинен жана терең маани берүү менен карайлы. Кеп бул жерде көз жумган прокурордо эмес башка жакта жатат. Кеп сабатсыз жана “кнопка баскыч” мамлекеттик корпуста жатат. Ошолордун айынан чийки, механизми жок мыйзамдар кабыл алынып, жыйынтыгында мамлекеттик казына менен эл кыйналып келет!