Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына келди.
Сиань шаарындагы “Сяньян” эл аралык аэропортунда килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилип, өзгөчө урмат-сый менентосуп алышты.
Президент Садыр Жапаровду жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы КЭР маданият жана туризм министри Ху Хэпин тосуп алды.
Ушул эле жерде жогорку даражалуу коноктор үчүн чакан концерттик программа тартууланды.

Эске салсак, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы «Борбор Азия-Кытай» саммитинин ишине катышат, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин менен жолугушуулар жана башка расмий иш-чаралар пландалууда.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Кытайдын үч шаарында — Сиань, Пекин, Цзинань шаарларында өтөт.