Чынын айтыш керек, буга чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков батынбай келген Кыргыз-Кытай-Озбекстан темир жолунун курулушуна азыркы бийликтин батыл киришкени мактоого татыктуу. Азыркы бийликтин майда-чуйдо жүздөгөн кемчилигин бир эле ушул долбоор жууп, тараза ташын буруп кетет. 57 туннель, Торугарттан кирген жол Өзгөнгө чейин кириши, Тогуз Тороодо токтоочу база болуп, рельстин алмашышы мумкунчулукторду көбөйтөт. Кыргызстандын байланыш тармагынын 98 пайызын кара жол түзөт. Бул кымбатка айланат. Дүйнөдө эң арзан жүк ташуу деңиз порту, андан кийин темир жол. Деңизибиз жок болсо, кара жол кымбатка түшкөнү аз келгенсип, ЕАЭБдин шартында Казак, Орус сазайыбызды берип жатат. Ал эми азыркы курула турчу жол кошумча мүмкүнчүлүктөр. Албетте, азырынча Өзбекстан менен Кытайдай болуп экспорттук товарларыбыз жок. Бирок, транзиттен эле болжолдуу жылына 180-200 млн доллар бюджетке түшөт. Кошумча жумуш орду болот. Кыймыл жанданат, реэкспорт кобойот. Сөздүн кыскасы, бул долбоорду жапа тырмак колдоого алаарлык.
Домой Коом Төлөгөн Сулайманов: Кыргыз-Кытай-Озбекстан темир жолунун курулушуна азыркы бийликтин батыл киришкени мактоого татыктуу