Домой Расмий кабарлар Садыр Жапаров: «Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза»

Садыр Жапаров: «Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза»

37
Президент көлдү таза кармайлы, бардык жерде тазалыкты сактайлы деп элге кайрылды.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Мынчалык кайдыгер болбогулачы.
Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат.
Таза болуу өзүбүздөн го акыры.
Неге мынча кайдыгербиз?
Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз.
Тазалыкты сактоону суранам.
«Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза».
Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр.
Ушул кызматкерлердин эмгегин сыйлагылачы.