КР Экономика жана коммерция министрлиги кореялык делегация менен «Кыргызстандагы «Акылдуу шаар Ысык-Көл» башкы планы жана алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси” долбоору боюнча консультацияларды өткөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Корея Республикасынын Чет өлкөлөрдөгү инфраструктураны өнүктүрүү жана шаарларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик корпорациясынын (KIND) вице-президенти Жунг Гичул жетектеген кореялык делегация келди.
Корея тарап «Ысык-Көл «Акылдуу шаар» долбоорунун алдын ала башкы планын даярдап, Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн кеңири презентация өткөрдү.
КР дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле жашыл экономиканы өнүктүрүү моделине системалуу өтүү жана көмүртектүү нейтралдуулукка жетишүү боюнча максаттарды коюп жатат, ал эми жашыл шаарлар маанилүү багыт болуп саналат. Акылдуу шаардын башкы планын иштеп чыгуу логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу менен эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүү шаар курууга багытталган.