Бүгүн, 27-апрелде Казакстан Республикасынын башчысы Касым-Жомарт Токаев Казакстан элинин ассамблеясынын XXIII сессиясында сүйлөп жатып, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун эки элдин бузулбас бир туугандыгы тууралуу жазганына токтолду.
«Жакында эле Садыр Жапаровдун кыргыз-казак элдеринин боордоштугун даңазалаган ыры чыкты», — деп баштады сөзүн Акордонун башчысы. Улуу акын Абай айткандай, кыргыз менен казактын теги жалпы экендигин эч ким талаша албайт. Мухтар Ауэзовдун кыргыздын улуу эпосу “Манасты” элге жайылтууда салымы чоң, Молдо Кылыч менен Чыңгыз Айтматовго өз бир тууганындай мамиле кылган. Анткени, дүйнөдө бири-бири менен мынчалык тыгыз байланышта болгон башка элдер жок”, — деди Казакстандын президенти.
Эске салсак, Садыр Жапаров 26-апрелде Фейсбук баракчасына “Казак-кыргыз арасы” аттуу ырын жарыялаган. Ырдын сөзүнүн автору Кыргыз Республикасынын Эл акыны Акбар Рыскулов. Музыкасын Казакстандын Эл артисти, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Алтынбек Корозбаев жазган.
— Кыргыз менен казактын жакындыгын даңазалаган ырларды, уламыштарды көп уктум. Бирок бул ыр өзгөчө. Анда эки элдин ажырагыс туугандыгын, тамырынын биримдигин даңазалайт. Сөзү кыргыздыкы, обону казакча. Казак менен кыргыздар эзелтеден кыйынчылыкты бирге жеңип келген тектеш эл” деп жазган Садыр Жапаров.
Кыргызстандын башчысы ошондой эле: «Кыргыз-казак боордоштугу түбөлүктүү болсун!» деп кошумчалады.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровдун эки элдин бир туугандыгы тууралуу жазган постуна токтолду.