— Нарынбек Молдобаевич, бийлик “Аю” компаниясынын эки заводун тартып алып, рейдерлик кылыптыр деп күнөөлөп, эми инвесторлор качат деп жатышат. Президент болсо салыкты жашырып, акцизди жасалма кылып, спиртти контрабандалык жол менен ташыганы үчүн спирт заводу менен арак заводун мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өткөнүн айтты. Бийлик аша чаап кеткен жокпу?
—Кара-Балтадагы спирт заводу ишке киргени спиртти өкмөт көзөмөлдөп, жасалма спирттер Кыргызстанга кирбей калды. Бул жагы жакшы болду. Негизи баардык мамлекеттерде спиртти өкмөт көзөмөлдөйт. Анткени, арактан пайда аябай түшөт. Мисалы, союз мезгилинде бир литр арак 17 тыйындан келип, 7-8 сомдон сатылчу.
Президент “Аю” компаниясынын эки заводу эмнеге мамлекетке өткөнүн салык төлөбөйт, акцизди жасалма жасайт деп түшүндүрүптүр. Эгер ошонусу чын болсо, мамлекетке алганы туура эле болду. Биринчиден, арак чыгаргандын өзү элге жакпаган нерсе. Кыргыздын элин уулап, генофондго зыян келтирет. Ошон үчүн мунун өзү жаман нерсе. Макул, арак чыгарсын, анда салыкты жашырбай төлөсүн да. Эгер 72 миң акциз жасалма табылып жатканы чын болсо, анда туура эле чара көрүлгөн. Бул маалыматты Президент айтып жаткандан кийин калп болбосо керек деп ойлойм.
Атамбаевдин учурунда Шакинин 1 миллиард сомдук продукциясын Шамиль Атаханов кармаган. Ал кезде Шамил Атаханов УКМКнын башчысы болчу. Ал мага келип, Шакинин заводдорунан чыккан эбегейсиз көп продукциясын кармаганын айтты. Андан көп өтпөй эле Шаки да келип, “Атаханов менен дос эмессизби, продукцияны берсин деп айтыңызчы”-деди. Атаханов болсо, “кыргыздын экономикасына ушунчалык зыян келтирип жатса, кантип берип коёбуз”- деди. Ошол окуядан кабарым болгон үчүн Шакинин салык жашырганы, жасалма акциз кылганы биринчи жолу эмес окшойт деген ойго кептелип жатам. Бийликтегилер да ушундай жагдайларынан улам мамлекетке алып жатат окшойт. Негизи салыкты төлөш керек. Айрыкча арак чыгаргандар жаап жашырбай төлөшү керек.