Домой Коом Мадин Итикеев: “Кытайда салыктан качкандардын мүлкүн конфискация кылат жана өзүн жоопкерчиликке тартат...

Мадин Итикеев: “Кытайда салыктан качкандардын мүлкүн конфискация кылат жана өзүн жоопкерчиликке тартат ”

7

— “Аю” компаниясысын эки заводу  мамлекетке өткөнүн бийлик рейдерлик кылгандай сыпаттап жатышат.  Салыкты жашырып, акцизди жасалма кылып, спиртти контрабандалык жол менен ташыганы үчүн  мамлекеттин эки заводду конфискация кылганы аша чабуу эмеспи?
-Көпчүлүк чоң бизнестер салыкты аз төлөшүп, көп киреше табышат. Башкача айтканда, салыктан качышат. Бул биринчиси. Экинчиси, мурунку приватизацияда ким көп нерсе алып калса, ошолор эле жыргап келишкен. Кээ бир иш бүтүрө турган чиновниктерге доля берип коюп эле байлыкка маарып келишкен. Үчүнчүсү, башка бизнес эмес арак бизнеси. Аракты тазалыгын, сапатын, канча көлөмдө чыгарылышын мамлекет көзөмөл кылып иштетүүсү зарыл. Өнүккөн Кытай мамлекетинде салыктан качкандардын мүлкүн конфискация кылат жана өзүн жоопкерчиликке тартат. Атууга чейин барып калышат. Ошондуктан, туура эле кылып жатышат деп ойлоймун. Эч кандай аша чабууну көрбөй турам