Домой Коом Кеп Түкөмдүн жашында эмес, кеп Түкөмдүн башында го

Кеп Түкөмдүн жашында эмес, кеп Түкөмдүн башында го

25

Экс-депутат Рыскелди Момбеков, фейзбуктагы баракчасына Түгөлбай казаковдун КТРден кетиргенине нааразы пикирин жазды.

Кыргыз Эл артисти, коомдук жана мамлекеттик ишмер Түгөлбай Казаковдун УТРКдан кетирилиши, ашырып айтканда пастык, жашырып айтканда кастык. Ушул адам УТРКга кандай оорчулук жаратканын билбейт экем. Бирок анын теледен кетиши, көпчүлүк көрөрмандарга оорчулук жаратарын жакшы билем. Асыресе, ал жакта азыр Түкөңдөй түгөл билген алып баруучу жок болсо керек эле. Каада-салттын каймагын калпыган, ырым-жырымдын ырын билген, үрп-адаттын сырын билген мындай адамдар азыркыдай алпурушкан кырдаалда абадай эле керек го… Аны кетириштин эмне кажети бар эле.. Кеп Түкөмдүн жашында эмес, кеп Түкөмдүн башында го, маселе анын курагында эмес, маселе анын айта турган убагында го… Орусиянын «Россия» каналында Михалковдун ордун канча болсо, Түкөңдүн орду УТРКда ошончо болот го дейм. Түгөлбай Казаков бул, — кыргыз салтын буруучу адам эмес, кыргыз салтын алып калуучу адам. Маданият министрлиги унчукпаса да, мындай мамлекеттик катчыбыз калыс сөзүн айтса болмок, кантсе да сөз баккан адам эмеспи..Күтө туралычы….