https://www.youtube.com/watch?v=z5H8Ot4dYNM
-Данияр Төрөгазиевич, кечетен бери сизди кабинетинде пара алып, пара берип отурат деген видео соцтармакка желдей тарады. Бирок, жеңи чолок көйнөкчөн отурганыңыздын өзү жай мезгилинде тартылганын далилдеп турат. Ал видеону кимдер жана эмне максат менен таратып жатышканы боюнча кабардар белеңиз?
-Кечээ түштө ушул видеону блогерлерге жөнөтүп, элге чыгарып бергиле деп суранып жатышат деген маалымат түшкөн. Туура баамдагансыз. Ал эски бир жыл мурдагы видео. Операциядан кийин балдак менен жаңы басып жаткан учурум болчу. Бир жыл мурда губернатордун социалдык маселелер боюнча орун басары болуп, башка кабинетте отурчумун. Ал кабинетке да, азыркы кабинетке да ушундай жалган-жалаага кабылбайын деп видео камераларды өзүм орнотком. Себеби, азыр бир көзүң бир көзүңө жоо деген заман. Акча таштап кетип, кайра акча алды деп мени жаман атты кылбасын деп атайын датчиги менен камера койдургам. Өзүм камера койдуруп алып, анан пара алат белем.
—Бирок, видеодо мурутчан адам менен макулдашып анан акча алып жаткандай кадр бар экен го?
-Туура, мурутчан адам Керим Макеев деген киши. Мен бутумду кокустатып алып, операция болгондон кийин “ооруканага бара албай калдым. Чогу чай ичсек болот эле. Бирок, мен керасин боюнча келишимим бар эле. Ошол жерге шашып жатам. Түштөнүп койчу деп акыбал-жай сурап, чуу сала турган сумма эмес, арзыбаган эле акча берген. Ошондой эле бир эки маселе бар. Колуңдан келсе кол-кабыш кылчы деген. Кыскасы, ал чай ичип кой деп берген каражат бир ишти бүткөр деген пара эмес. Тагыраагы, ал жерде коррупциялык элемент жок.
—Баса, видеодо Кара-Суу акиминен да конверт алды деп жатышат. ал эмне конверт эле?
-Кара-Суу акими кабинетке көп эле келет. Конверт берсе эле анын баарын акча деп ойлобошубуз керек. Анткени, кээде маселелүү иштерди кат менен да алып келишет. Кат эрежеге ылайык конвертке салынат. Ошон үчүн конверт менен пара эле берилет деп ойлобошубуз керек.
—Акча санаган жериңизде пресс-секретарь да тартылыптыр. Бул боюнча кандай комментарий бересиз?
-Пресс секретарга акча бергенимдин да себеби бар. Элди ойготолу, терс иштерден оолок болууга үндөйлү деп социалдык ролик тарттырганбыз. Ролик тартуу 2000 долларга макулдашылган. Пресс-секретарь экөөбүз санап жаткан каражат ошол социалдык роликтин акчасы. Акчанын жоктугунан 2000 долларды дагы эки бөлүп бергенге аргасыз болгонбуз. Аны өзү да айтып, ролик тарткан адам да тастыктап жатат. Кыскасы, мени каралоо максатында тараган видеодо кылдай күнөөм жок. Алланын алдында жүзүм жарык. Орозонун күнү мени жок жерден жаман атты кылам дегендерди кудайга койдум.
—Данияр Төрөгазиевич, сизди оштогу жаштар жакшы иштейт, эч нерседен тайманбайт, духу күчтүү деп идеал тутушат экен. Эл арасында колдоого алынып, кадырыңыз өсүп кеткени кимдир бирөөнүн уйкусун бузуп жаткан жокпу?
— Мен кыйынмын, укмушмун деп мактангандан алысмын. Бирок, кандай маселе болбосун мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койдум. Карапайым элдин үнүн укканга, кол-кабыш кылганга чын дилимден аракет кылдым. Бул жагынан жетиштүү да душман күтсөм керек. Жалган жалаа менен болсо да буттан чалып, каралайлы деген максатта ушул ишти уюштурушту окшойт. Менимче, ит күлүгүн түлкү сүйбөйт деген эле макалдай иш болгонсуп калды.
-Бирок, губернаторду сизди, кара-суу акимин кошо кызматтан бошотуптур. Булбоюнча кандай комментарий бересиз?
-Президент тапшырган ишенимин так аткардык. Жогорку жактын чечимин туура
деп эсептейбиз. Бул чечим талкууга жатпайт. Чечим кандай болсо, аткарууга милдеттүүбүз.
Данияр Жаныкулов 2022-жылы август айында президенттин Ош облусундагы
ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган болчу.