Домой Коом Айгүл айым эне көргөн тарбиялуу, нарктуу жан экени баскан-турганынан эле билинип турат

Айгүл айым эне көргөн тарбиялуу, нарктуу жан экени баскан-турганынан эле билинип турат

43

Сонунбү Кадырова фейзбуктагы баракчасына биринчи айымдын өзү билим алган мектебине барганын кубаттап жазды.

Байыртан элде устатты сыйлоо, ага акаарат келтирбөө, ата-энеңдей алдынан өтпөй урматтоо салты болуп келген. Муну нарктуу адамдар айттырбай билет. Анткени ал нерсе каны менен кошо жаралган табылгыс жана кайталангыс касиет. Айгүл Жапарованын өзү окуп чоңойгон мектепке барып, таанышып, андагы мугалимдердин акыбалын сурашы ушул наркты эске салды. Айгүл айым эне көргөн тарбиялуу, нарктуу жан экени баскан-турганынан эле билинип турат.

Окуткан мугалимдеринин кем-карчын сурап коюунун өзү канчалык бел, канчалык кубат. Айрыкча ушул тапта балдарыбызга татыктуу билим берип жаткан мугалимдерди көтөрмөлөп, коомду жалаң аң-сезимдүү адамдар менен алга сүрөп жаткан Президентибиздин ишин улап эл арасында мектептерден кабар алганы жакшы жөрөлгө. Элге жакын болууну, алардын арасында болууну Президентибизден жана Биринчи айымдан үйрөнүп, жалпы жетекчилер эл үчүн иштесин деп тилек кылалы. Бар болуңуз урматтуу Айгүл айым. Сиз кыргыз айымдарынын үлгүсү катары жаралган экенсиз. Сизде үйрөнө турган аялдык улуу сапаттар бар. Ишиңизге ийгилик.