Домой Жаңылыктар Клара Сооронкулова үй камагына чыгып, апасы башынан суу тегеретип тосуп алды

Клара Сооронкулова үй камагына чыгып, апасы башынан суу тегеретип тосуп алды

9
Бүгүн, 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча 2022-жылдын 23-октябрынан бери камакта жаткан активист Клара Сооронкулованын үй камагына чыкты.
27-мартта №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Клара Сооронкулованын өпкөсү кагынып, саламаттыгы начарлап кеткенин анын адвокаты Чынара Жакупбекова  үй камагына чыгарууну суранып жатканын маалымдаган.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкуловага быйыл 20-февралда ооруканада дарыланууга уруксат берилген жана анын операция болгону кабарланган.
15-мартта кайра тергөө абагына которулган, ал оор операциядан кийин реабилитациялоого муктаж экенин 24-мартта акыйкатчы Атыр Абдрахматова да билдирген. Ал укук коргоо органдарын Сооронкулованын саламаттыгына көңүл бурууга чакырган.Возможно, это изображение 2 человека
Кудайдан болуп, бүгүн үй камагына чыгып, 80 жаштан ашкан апасы башына суу тегеретип,балдары сагынычын таркатып жыргап калышты.