Домой Маек Эмилбек Абыдкадыров,  Бишкек шаарынын мэри: “Менин милдетим президенттин тапшырмасын так аткаруу”

Эмилбек Абыдкадыров,  Бишкек шаарынын мэри: “Менин милдетим президенттин тапшырмасын так аткаруу”

73

-Эмилбек Мырзакулович, иштин көзүн тапкан адам экениңизди далилдедиңиз. Оң-тескери пикирдин бирине да маани берген жоксуз. Жасаган ишиңизге ыраазы болосузбу?

— Өткөн жылы жасалган иштер боюнча иш үстүндө тартылган видеолорду, маалыматтарды чогултуп, шаардык кеңешке отчёт бердим.  Өзүңө билинбегени менен күндө бир маселени чечүүнүн аракетин көрүп, тынымсыз иштейсиң. Шаардык кеңешке даярдалган отчётту көрүп алып,  бир жылда көп эле жумуш жасаган турбайбызбы деп өзүмө өзүм ыраазы болдум. Депутаттарда “иштеп жатасыз. Отчёттон көрдүк”  деп доклад окутушпай  отчётко жогорку баа беришти. Бирок, кээ бир акимдердин катачылыктарын айтышты. Иш болгон жерде кемчилик да болот. Мен бардык сынды туура кабыл алам. Ошондой эле ишти  көбүрөөк жасаганга, катаны азыраак кетиргенге аракет кылам. Баарын кыйратып жатам дегенден алысмын. Биз жасабасак, шаар үчүн,  Кыргызстан үчүн бирөө келип жасап бербесин жакшы билем. Кандай инвестор келсе дагы өзүнүн кызыкчылыгын ишке ашырганга бизден пайда тапканга аракет кылат. Ошон үчүн колдон келишинче өзүбүз бүткөргөнгө аракет кылышыбыз керек.

Возможно, это изображение 5 человек и люди стоят

-Сиз  чын жүрөгүңүздөн, баш отуңуз менен кирип иштеп  жатканыңызга карабай ордуңузга көз арткандар же болбосо жасаган ишиңизди жокко чыгаргысы келгендер бар. Амбициялуу пландарыңыздын ар биринде сөзсүз таасирдүү адамдардын куйругун басууга аргасыз болот экенсиз. Алардын тоскоолдугунан улам кызматтан кетип калбайсызбы?

Атын айтпай эле коёюн. Мурда иштеген мэрге да элдин убалына калбаш керек деп кеңешимди берип кеткем.  Кызматтан кетпейин, эч кимге жаман көрүнбөйүн, мага эч ким тийишпесин, тынч отура берейин десең шаардыктардын эки жылдык өмүрүн аласың деп айткам. Айткандай эле ал мэр эки жыл иштеди. Элдин эки жылдык убактысын алды. Бирок, жарытылуу деле иш кылган жок.

Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и костюм

Негизи кызматынан, креслосунан айрылып калбаймынбы деп корккон кишилерди ошол замат эле кызматтан алыш керек. Андай адамдарды элдин убактысын алып, жарым жыл да кармаштын кереги жок.

Шаарды иретке келтириш үчүн жасаган аракетим кимдир бирөөгө жакпай калып, мени кызматтан алып салат деп кооптонбойм. Кызматтан кетүү мен үчүн трагедия деле эмес. Мен кызматтан кетип деле жүргөм. Келип деле жүргөм. Биз солдатпыз. Мамлекет кайда иште десе ошол жерге иштейбиз.

Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и костюм

Эртең тигил курулушту токтотуп койсом же мыйзамсыз курулушун бузуп койсом, мени кызматтан алып коёт деп корксом анда мен эмнеге бул жерде отурам. Мен жасап жаткан иштер шаардыктардын 98 пайызына жагат деп  ойлойм.Возможно, это изображение 10 человек, люди стоят, дорога и дерево

Мүмкүн 2-3 пайызына жакпайттыр. Биз көпчүлүктүн позициясын колдошубуз керек. Мыйзам баарыбызга бирдей. Эл үчүн жасала турган долбоорлор болсо, коркпой- үркпөй эле жасайбыз. Менин милдетим президенттин тапшырмасын так аткаруу. Буюрса, баштаган иштердин баарын аягына чыгарып, шаарды иретке келтиребиз. Буюрса, шаарды көрктөндүрүп, бардык  маселени  чечебиз.

 

Возможно, это изображение 3 человека и люди стоят