Домой Маек Эмилбек Абыдкадыров: «5-каналдын имарат маселесин мүлк фонду чечип, карызын минфин жаап...

Эмилбек Абыдкадыров: «5-каналдын имарат маселесин мүлк фонду чечип, карызын минфин жаап берсе, алганга каршы эмеспиз»

167

-5-канал, Пирамида каналы банкрот деп жарыяланды. Сиз өзүңүз жасаган ишиңизди анчалык деле пиар  кылбайсыз. Сотцетте да активдүү эмессиз. Мүмкүн мэриянын жакшы иштерин элге жеткирүү үчүн  70 кызматкери бар 5-каналды мэриянын кармагына алсаңыз  болобу?

Ал боюнча бизге алты ай мурун сунуш түшкөн. Бир канча миллион карызы, 5-канал отурган имаратында дагы соттошкон жагдайлары  бар экен. Имарат маселесин мамлекеттик мүлк фонду менен чечип, карызын минфин жаап берсе,  5-каналды алганга каршы эмеспиз деп жооп жазганбыз. Негизи мэриянын карамагында ошондой канал болсо деле жаман болмок эмес. Себеби, болуп жаткан жаңылыктардын көбү Бишкекте да. Конок, делегациянын баары Бишкекке келет. Саммит деле Бишкекте болот. Бишкек Москва боло албаса дагы Бишкек мэриясынын  өзүнүн  каналы болсо деле  жакшы болмок.

Возможно, это изображение 1 человек и стоит