Домой Жаңылыктар Видео көзөмөл тартип Бажы кирешесинин көлөмүн көбөйттү

Видео көзөмөл тартип Бажы кирешесинин көлөмүн көбөйттү

2

Бажы төлөмдөрүнүн көп чогулуп жатканы, кирешенин өсүү темпи кескин жогорулаганынын себептери бар. Бажы өткөрмө пунктарында заманбап видеокөзөмөл, рентгендер орнотулган.
Ошондой эле, канча жүк кирип-чыкканын онлайн көрүп туруу мүмкүнчүлүгү Президент Садыр Жапаровдо да бар. Мына ушундай тартип Бажы кирешесинин көлөмүн көбөйттү.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-кварталында Бажыдан 20 млрд 700 млн сом чогулду.

2015-жылдан берки 1-кварталда Бажыдан чогулган кирешенин көрсөткүчтөрү:
2015-жыл – 7,6 млрд сом.
2016-жыл – 5,8 млрд сом.
2017-жыл – 6,3 млрд сом.
2018-жыл – 9,4 млрд сом.
2019-жыл – 8,5 млрд сом.
2020-жыл – 5,8 млрд сом.
2021-жыл – 8,4 млрд сом.
2022-жыл – 14,2 млрд сом.
2023-жыл – 20,7 млрд сом.