Домой Жаңылыктар Москва көчөсү 5-апрелден тарта жабылат

Москва көчөсү 5-апрелден тарта жабылат

10

Бишкек шаарында Москва көчөсү 5-апрелден тарта жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 5-апрелинен тарта Москва көчөсүн жабуу пландалууда.

Бул чаралар канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу кабыл алынган. Москва көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарынан каттамдарын алдын ала пландап алуусун суранат.