Домой Расмий кабарлар Президент борбордогу улуттук онкология, гематология, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна...

Президент борбордогу улуттук онкология, гематология, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна күтүүсүз барды

1

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаев белгилегендей, мамлекет башчысы ооруканадагы палаталардын, дарылоо бөлмөлөрүнүн жана башка инфратүзүмдөрүнүн абалы менен таанышты. Садыр Жапаров ооруканалардагы бейтаптар менен баарлашып, аталган медициналык мекемелердеги дарылануу шарттарынан да кабар алды.

Возможно, это изображение 4 человека, ребенок, люди стоят, люди сидят и в помещении
Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчысы саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчилиги менен онкологиялык бейтаптарга бекер кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
«Президент Жапаров ошондой эле балдардын эң ыңгайлуу шартта дарылануусу үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы шарттарды жакшыртууну, балдар үчүн дары-дармектин тартыштыгына жол бербөөнү тапшырды», — деди мамлекет башчысынын басма сөз катчысы.Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и на открытом воздухе