Домой Коом Президенттин мурунку адвокатына нааразы болгондор ажого кайрылуу жолдошту

Президенттин мурунку адвокатына нааразы болгондор ажого кайрылуу жолдошту

39

  Редакцияга шаардык соттун чечимине нааразы болгондор келип, Садыр Жапаров камалганда адвокаты болгон Шарабидин Токтосунов сот болгондо чындыкты төө бастыга калтырып, өз милдетин так аткарбай жатат дешти.  Ал шаардык сот болуп келгени   бир топ эле мыйзамсыз иштер күч алып,  күнөөлүүнү актап коюу күчөдү деп нааразы болушту. Президент мына ушундай мыйзамды сыйлабаган сотторго чара көрбөсө сотторго нааразы болгондор маселе жаратат дешти. Тагыраагы, президентке кайрылуу жолдошуп,  шаардык сот улам бир адилетсиз чечимдери менен элди иренжитип жатат дешти.Нет описания.

Урматтуу президент, сөзүбүз куру болбош үчүн мисал келтирели. 17- март күнү өзгөчө оор кылмыш менен кармалган  Керимбеков Шертбекти Шаардык соттун үч судьясы үй камагына чыгарды. Канчалаган үй-бүлөлөрдү сыздатып,  карапайым адамдарды 1 миллиард сомго  алдап,  күнөөсүн мойнуна алган адамды үй камагына чыгарган  үч судьяны иштен албасаңыз аларга алданган жарандар Шаардык соттун алдына митингге чыгабыз  деп турабыз.Нет описания. Ошон үчүн судьялардын адилетсиз чечим чыгарып, нааразычылыкты күчөткөн  ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз. Кыргызстанда канчалаган айыпсыз адамдар абакта жатат. Күнөөлүү адамдар бошотулууда. Бул адилетсиз иштери үчүн шаардык соттон адилет чечимди талап кылабыз! Сизден бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алып  берүүңүздү өтүнөбүз.

Нет описания.

Нет описания.