Домой Жаңылыктар Япония менен тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Япония менен тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров
тоо-кен тармагындагы дүйнөлүк долбоорлордун жетекчиси, унаалар үчүн призмалык литий-иондук аккумуляторлорду чыгарууга адистешкен “Prime Planet Energy
& Solutions” компаниясынын кеңешчиси, Япония мамлекетинин Накаба Чимура башында турган делегациясы менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун, өзгөчө тоо-кен тармагындагы маселелерди талкуулашты.
Мындан улам Акылбек Жапаров И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында тоо-кен тармагын изилдөө боюнча кыргыз-жапон факультетин ачууга кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде Накаба Чимура тоо-кен тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул багытта Кыргыз Республикасынын чоң потенциалын белгиледи.