Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров 10 жаштагы баткендик манасчы Касымбек Бердикуловду кабыл алыптыр.

Касымбек Бердигулов Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Жети-Таш айылында жашайт. Учурда Шер Ташполотов атындагы орто мектебинде 4-класста окуйт. Баткенге барган манасчы агаларынын артынан калбай, ээрчип манасчылык касиетке арбалыптыр.

Касымбек Бердигулов жалпы Баткен облусунан чыккан биринчи манасчы экен. Жакшылык оролуп, Баткен жергебизде тынчтык болуп, Манас атабыздын руху-духу колдоп жүрсүн.
Чечилбеген чек ара түйүнү бар Баткен жерине айкөлдүн касиети түштүбү?