Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 18-мартта “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышып, КМШ өлкөлөрүнө Европада, Жакынкы Чыгышта фотоэлектрдик күн модулдарын өндүрүү, жеткирүү, күн энергетикасы жаатында инновациялык долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашырган “New-Tek LLC” кыргыз-герман компаниясында болду.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы IPAR PHARM фармацевтикалык заводдун ачылышына да катышты. 25 жылдан ашык убакыттан бери аталган заводдун штабы Сиэтлде, Вашингтондо, АКШда жайгашкан. Учурда Азияда, Европада да жайгашып, фармацевтикалык завод продуктыларын өндүрүп, таңгактоо, сатуу жана жайылтуу боюнча иш алып барып жатат. IPAR — илимий жетишкендиктер платформасында, R&D фармацевтика, косметика, гигиена, сергек тамактануу, заманбап маркетинг чөйрөлөрдө 20 жылдан ашык инновацияларды камтып келет. Ошондой эле, окумуштуулары өздөштүргөн илимий дисциплиналардын кеңири спектри изилдөөлөрдүн жана инновациялардын жаңы багыттарын чексиз өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө IPAR изилдөө, инновациялар, фармацевтикалык формулаларды иштеп чыгуу, GMP өндүрүшү, химиялык өндүрүш жана TSCA, FDA, DEA (АКШ) талаптарына жооп берген фармацевтикалык продуктыларды каттоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн мыкты потенциалына ээ.
IPAR 2010-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы инвестициялык долбоорлорго, анын ичинде “Бишкек” ЭЭАнын аймагындагы фармацевтикалык заводду курууга 10 млн долларга жакын инвестиция салган.
Бирок, Кыргызстандагы бир топ жыл мурунку коомдук-саясий абалга, коррупциялашкан сот системасынын тоскоолдуктарына, жагымсыз инвестициялык климатка байланыштуу “Бишкек” ЭЭАдагы фармацевтикалык заводдун курулушу тоңдурулуп, мекеменин иши токтоп калган.
Акыркы мезгилде өлкөдө болуп жаткан алгылыктуу экономикалык өзгөрүүлөрдүн жана өлкө жетекчилигинин жүргүзгөн чечкиндүү реформаларынын натыйжасында чет элдик инвестицияларга, инвесторлорго болгон мамиле бир топ жакшырганы анык. Буга байланыштуу IPAR PHARM, фармацевтикалык заводду кайра ачуу жана ишке киргизүү боюнча жигердүү аракеттерди көрдү. Бул демилгени көтөрүп чыккан инвестор, MD, IPAR PHARM жана IPAR CAPITAL (АКШ) компанияларынын негиздөөчүсү жана башкы директору, Америкалык клиникалык патологиялар коомунун мүчөсү Абдулхаким Мухаммад Имин.
Эми “Бишкек” ЭЭАдагы Ipar pharm заводу ишке кирген күндөн тарта жүрөк-кан тамыр (Ivabradine); эндокринологияга (Vildagliptin, Metformin); ичеги-карын, жугуштуу оорулар, тамак сиңирүүгө (Эзомепразол); сийдик бөлүп чыгаруу, жыныстык дисфункциясына (Sildenafil, Tadalafil, Dapoxetine); кан айланууга (Rozuvastin, Ezetimibe, Clopidogrel) 10 түрлүү фармацевтикалык каражаттарын чыгарат.
Аталган завод ийгиликтүү иш алып барса, өлкөбүздүн экономикасына салым кошулуп, бир топ адам иш менен камсыздалат деген ишеним чоң. Андыктан, Ipar pharm заводунун иши илгери болсун!
Эскерте кетчү нерсе, жакында аталган заводдун чыгарган ар бир фармацевтикалык каражаты боюнча өз окурмандарыбызга кеңири маалымат берүүгө аракетибизди жасайбыз.