Домой Маек Ишкерлер академиясын түптөп, бизнести нөлдөн баштоону үйрөткөн Мыктыбек Арстанбек

Ишкерлер академиясын түптөп, бизнести нөлдөн баштоону үйрөткөн Мыктыбек Арстанбек

63

 

Биз бүгүн мурдагы тележурналист, мыкты көрсөтүүлөрдүн автору болгон Мыктыбек Арстанбек менен  эмне үчүн эл суусап уккан көрсөтүүлөрүн токтотуп, кесибин өзгөртүп, ишкерликти жалпак тил менен түшүндүргөн ишкерлер академиясын ачканы  боюнча баарлаштык.  

Возможно, это изображение 1 человек, стоит и в помещении

-Мыктыбек байке, эмне үчүн журналистикадан биротоло кетип,  ишкерлерди өстүргөн академия ачтыңыз?

-Журналистикада үзүрлүү эле иштеп, эл күтүп көргөн көрсөтүүлөрдү жасап жүрсөм эле бир мезгилде  сакалым тоскоолдук жаратып калды. Маселе сакалда болсо, кетейин деп КТРден кетип, ЭлТРге бардым. Ал жакта дагы ошол эле картина кайталанды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп ишкерлик менен алек болоюн деген чечимге келдим. Бир-эки жолу банкрот болдум. Бирок, ансайын өжөрлөнүп, ишкерликтин сырларын билүүгө ашыктым. Ишкерликтин  методикасын түзүп чыктым. Анан билим берүү системасындагы маселе методикада экен деген чечимге келдим. Алдыма ар бир үйдөн бирден ишкер чыгаралы,  бир сому жок адамдарга шык берип, ишкерликтин сырларын үйрөтөлү, сүрдү жеңели, адамдын өзүнө болгон ишенимин ойготолу, жумушу жок үйдө олтурган кыз-келиндерге, мигранттарга туура багыт берип, жол көрсөтүп мамлекетке салым коштуралы деген чечимге келип, ушул иш менен алек болуп калдым.  Азыр командам күчтүү. Мыкты тренерлер бар. Академиянын  башчысын Казакстандан чакыртып алдык. Майнап чыксын деп иштеп жатабыз.

Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и в помещении

-Ишкерликтин сырын билип, жолун табуу үчүн  канча убакыт окушу керек?

-Биз эки айдын ичинде эле бизнести нөлдөн баштоону жана  туура максат койгонду үйрөтөбүз. Тагыраагы, эки айдын ичинде эле адамдар өзгөрүп, дүйнө таанымы кеңейип, ишкерлик тууралуу  түшүнүк алып, системаны өздөштүрүп, иш баштоого даяр болуп калышат.

-Акчасы жок эле адам ишкер боло алат дегенге ишенсек болобу?

-Албетте, болот. Негизи  бизнес баштоо үчүн көп деле акчанын кереги жок. Болгону бизнес баштоо үчүн багытын аныктап алышы керек. Ошондой эле тийиштүү ыкмаларды үйрөнүп алса, бизнеси шар жүрүп, иши ийгиликтүү болот.

— Бул тренингди окуп көрөйүн, эмненин үстүнөн чыгат  экем дегендерге кандай кеңеш бересиз?

-Тортту карап олтурсаң даамы кандай экенин билбейсиң да. Торттун даамын билүү үчүн аны жеп көрүү керек.  “БИЗНЕСТИ НӨЛДӨН” баштоо  тренингин окуу да ошондой. Кандай тренинг болду экен, канчалык пайдасы бар экен дебей окуп көрүш керек. Анан жыйынтыгын адам өзү сезет.

Сизди адамга кыйын дух берет, кежирлердин да кыялын оңдоп, жакшы жагына өзгөртүп коет дешет экен…

-Мен кыйратам, ойротом дебейм. Колумдан келишинче билгенимди үйрөтөм. Жугумдуу билим бергенге аракет кылам. Туура сүйлөгөнгө, туура ой жүгүртүүгө, туура максат коюу үчүн багыт берем. Ишкерлер академиясындагы тренинг өткөндөрдүн баары адамдын жөндөмүн ойготуп, өзүн таанытууга болгон аракетибизди жасайбыз. Ар тараптан камырдай эле ийлеп, ишкер кылып чыгарабыз. Азыр биздин академияданбилим алып, ишкерликти өнүктүрүп жүргөн азаматтар арбын. Алды Түркияда иштеп жатат. Бири-Бири менен байланышып, ишкерликтерин өнүктүрүп жатышат.  Айтайын дегеним, » «БИЗНЕСТИ НӨЛДӨН баштайбыз», «СҮРДҮ ЖЕҢҮҮ”,  “ЭКСПРЕСС БИЗНЕС «, Вайлберс,  «Кантип өзгөрөм?» тренингдери көптөгөн адамдардын жашоосун өзгөрттү. Жыйынтыгын көрүп, эмгегибиз талаага кетпептир деген ойдобуз.

Возможно, это изображение 1 человек, борода и в помещении

-Сиздерге көбүнчө кайсыл категориядагы адамдар келет?

-Жумушу жоктор, мигранттар, үйүндө отурган кыз-келиндер, ишкер болом дегендер же бизнеси болсо да бизнес системасын кура албагандар келип, бизнести  жасоону, көбөйтүүнүн жолдорун үйрөнүшөт. Тренингдер онлайн, оффлайн форматында өтөт. Ушул учурга чейин 17 миңге жакын адам окуп бүттү. Кубанганыбыз көбү азыр ийгиликтүү бизнесмен болушту.

Adil Turdukulov on Twitter: "Смотрю откровенные и секси кыргызские клипы 90-х. на канале «Музыка» 🎶. Мало кто в курсе что режиссер всех творений Мыктыбек Арстанбек. Сейчас он Ажы ☪️ Неисповедимы пути господни.