Менимче Президент Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деп ойун кыргызча жалпак тилге салып, жөнөкөйлөштүрүп туруп, айтып койду сыягы. Иш жүзүндө бул бир топ татаал болот. Жанагы инвесторлор жана инвестициянын айланасындагы баш катырмалар. Эми акчаны туш келген эле жерге салып, тобокелчиликке барган “жиндини” кайдан тапмак элек. Тыйыны тыйын туубаса…болгондо да кыска мөөнөттө актабаса…эч ким чөнтөгүнөн капчыгын чыгарбайт. Акчаны чыгарып кетүүгө бөгөт деле койулуп калбадыбы…мерчемдүү суммадан ашыгын катып да чыгара албайсың бүгүн. Бирок, келген эле инвестор Кыргызстанды гүлдөтүп ийгениди самабайт, алар өздөрүн гүлдөйжанга айлантуу үчүн гана жан талашышат. Ооба, стабилдүүлүк бар, демек акча салам дегеендер да келиши мүмүкүн. Бирок, кечээки өң-далетинен кеткен пайдубал ошол эле боюнча да. Мыйзамдар канчалык какайышып, түздөнүшсө да… айтылгандай иштебейт. Анткени, коомубуз бүгүн жиниккен аттардай…кокту-колотторго, уруу-урууларга… гей-“көгүш”, бачабаздарга бөлүнүп алып, арзыбаган тыйын үчүн ыйманды да, абийирди да сатып, көкүрөктү кагып коңшубуз эмес, өзүбүз тешилген тепшини жамай албай отурабыз го. Президент мына ушул кунарсыз жагдайды сопсонун билет. Ошон үчүн агымды жиреп өтүп, бир кечүүнү керек болсо үч ирет кечүүгө да барууга башын сайгандай. Коомдогу кайдигерлик дартка шыпаа табабы –жокпу? Маселе ушунда.Коом ойгонсо эле… баары башкача болуп кетмек.