Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик тил жөнүндө” жаңы конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда кароого даярданып жатканда айрым орусиялык маалымат каражаттарында бир катар макалалар чыгып, Кыргызстанда орус тили өгөйлөнүп, басмырланып жаткандай таасир калтырышкан. Ал турсун жакынкы арада Кыргызстанда мыйзам кабыл алынат, ага ылайык орус тилин колдонууга олуттуу чектөөлөр киргизилет деген туура эмес маалымат таратууга да үлгүрүшкөн.
“Бул мыйзам мамлекеттик кызматкерлерге, аскер кызматкерлерине, юристтерге, теле жана радио алып баруучуларга, мугалимдерге жана дарыгерлерге терс таасирин тийгизет. Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин баарлашуу, документацияны жүргүзүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүүдө мамлекеттик тил милдеттүү болуп калат” деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды жазышкан. Ошондой эле Кыргызстандын тилине байланышкан мыйзамды Россияга жарыяланган тил согушу деп атоого да жетишип, “Дос эмес Кыргызстан” деген көлөмдүү макала жазышкан. Кызыгы, Кыргызстанда 450 миңге жакын орусиялыктар жашайт. Бирок, азыр да, орус калкы иш жүзүндө корголбойт, анын бир дагы мамлекеттик бийликте өз өкүлдөрү жок. Алар үчүн бизнеске, маалымат каражаттарына жол жабык. Орус калкынын көбү жөнөкөй врач, мугалим жана инженер болуп иштешет. Аларга жаңы мыйзам таасир этсе, алар колдоо жана коргоо издей турган жери жок калат. Кыргызстанда Орусияга каршы маанай күч ала баштады деген макаланы уялбайэтпей эле https://t.me/rapad_ru деген сайтка жарыялашкан. Чынында бул маалыматка Кыргызстанда жашаган орустар өзү ишенер бекен деген суроо жаралат Анткени, Кыргызстанда орустар жакшы кызматтарда иштеп, жакшы айлык алып, шарты бар кабат үйлөрдө жашашат. Анан кайдан кодуланып, кайдан басмырланып жатышат болду экен деген суроо жаралат. Сыягы мындай маселени Кыргызстан менен Россияны кайраштыргысы келгендер чыгарып, кылдан кыйкым издеп жатышат окшойт. Негизи маселенин өзөгүн түшүнгөн орус улутундагы Кыргызстандын жарандары андай пикирде эмес. Сөзүм куру болбош үчүн Элчи” коомдук-саясий изилдөө борборунун жетекчиси, саясат таануучу Денис Бердаковдун айтканын мисал келтирейин. “Мамлекеттик тил мыйзамы эч кимге шек келтирбейт, ал ченемдик-укуктук базаны реалдуулукка шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Бул жерде мыйзам бузуу жок, мыйзамдык-укуктук база өкүм сүрүп жаткан турмуш чындыгына гана шайкеш келтирилген. Кыргызстанда иш кагаздарынын абдан чоң бөлүгү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Анткени, карапайым элдер мамлекеттик органдарга кайрылуулар менен келишет. Аймактардагы калктын көпчүлүгү кыргыз тилиндеги тейлөөгө муктаж. Ошон үчүн мыйзам кабыл алынганы жатат. Орус тилинин расмий статусун эч ким алып салбайт. Муну түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек деген оюн айтты. Ошондой эле Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө багытталган түрдүү программалар көбөйүп, мамлекеттик деңгээлде колдоого алынып жатканын баса белгилеп, «Газпром» мектеби, Россия тарабынан Кыргызстандын бардык аймагында орус тилинде окуткан тогуз окуу жайдын курулушун баса белгиледи.