—Президент «Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” -деди. Ажо туура айттыбы?
-Албетте, туура айтты. Башка өлкөгө инвестиция жасаган кыргыздар деле көп, өз өлкөсүн эмес, чет өлкөнү өнүктүрүп жүргөндөр да көп. Аларды, башка чет элдик жарандардын баарын чакырып, завод, фабрика салып, өнөр жайды көтөрүп алсак эң жакшы болоор эле. Жумушчу орундар ачылып, бюджетке акча түшөт эле, экономикабыз өсүп, чет элге миграцияга кеткен жаштардын саны азаят эле.