Домой Маек Акбөкөн Таштанбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: «Инвесторлорго шарт түзүшүбүз керек, анткени инвестиция жок...

Акбөкөн Таштанбеков, Жогорку Кеңештин депутаты: «Инвесторлорго шарт түзүшүбүз керек, анткени инвестиция жок өнүкпөйбүз»

4

-Президент «Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, “келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла” деди. Ажо туура айттыбы?
-Президенттин айтканы туура, бирок инвесторлор бизге ишенбей калды окшойт. Себеби, алар Кыргызстанга келгенден коркушат. Ошон үчүн инвесторлорго  биз шарт түзүшүбүз керек!  Мамлекет курган ишканаңды эч ким тартып албайт деген кепилдик бериши керек. Ошондой эле аларды ашыкча текшерип, бут тосо бербей  иштөөсүнө шарт түзүү зарыл.  Себеби, Кыргызстанда инвесторлор завод ачышса эле жолун тосуп, аргайсыны айтып тоскоолдук кыла беришет.  Чынында  мунун баары терс таасирин берет. Ошон үчүн чет жактан келген адамды сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек! Анткени, инвестиция жок өнүкпөйбүз!