Мутакалим уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы менен мусулман аялдарынын орду жана алардын маселелери боюнча баарлаштык.
-Жамал эже, исламда аялдын акысы көп дегенди угууга болот. Аял эч жерде исламдагыдай корголгон эмес. Бирок азыркы учурда аялдардын укугу эмнеге жетишээрлик деңгээлде корголбой келет?
— Туура айтасыз, ислам динине чейин аялдын укугу исламдагыдай корголгон эмес. Шарияттан соң кыздардын баркы көтөрүлүп, тарыхта болуп көрбөгөндөй укуктарга ээ болушкан. Бирок коомубузда аялдардын укуктары корголбой жаткандыгынын себеби – адамдык факторлор деп эсептейм. Бул маселеге жүзүндө жетишүү үчүн системалуу иш алып баруу керек. Мусулмандар үчүн маанилүү структураларга аялзатын да аралаштыруу керек. Ошон үчүн эркектердин кызыкчылыктары корголсо, ал жерде сөзсүз аялдардын кызыкчылыктары да эске алынуусу каралмак.
-Исламда аялдын кандай укуктары бар экени белгилүү. Эмне үчүн динчил аялдар анын аткарылышын талап кылышпайт?
— Биздин коом бул багытта исламий ченем менен жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин, сабактарды өткөрүп жатабыз. Көч бара-бара түзөлөт демекчи, буюрса, жакынкы келечекте натыйжаларын көрө алабыз деген үмүттөмүн.
Мусулман аялдардын коомдо өтө активдүү эмес экендигин байкасак болот. Аларды активдүүлүккө үндөөгө, өлкөбүзгө пайдасын алып келүүгө өзүбүз билимдүү болуубуз зарыл, туура стратегияларды, багыттарды тандап, так түшүндүрүшүбүз керектир. Жоолукчан аял Кыргызстандын жараны болуп саналат жана ал өз укугун коргоого милдеттүү. Ошон үчүн динчил аялдар активдүү болуусу керек.
-Дин тармагындагы билим берип келе жаткан аялдардын орду кандай?
— Диний тармакта билим жайылтуу жаатында көптөгөн мугалимдер эмгектенип келет. Бирок алардын айлык акысы көңүл жибитээрлик эмес. Күнүмдүк жашоого керектүү аспектилер каралган эмес. Ошол эле социалдык пакетке ээ эмес, тийиштүү структуралар тарабынан колдоо көрсөтүлбөй жатат.
-Жамал эже, эми сөздү мусулман аялдарынын кийимине бурсак. Акыркы мезгилде жоолук салынууну адатка айланта баштагандар да, жоолугун чечип салгандар да кездеше баштады. Же хиджап кийип, жоолук оронгондун модасы келдиби?
-Негизи жоолук салынуу дагы ислам дининдеги парздардын бири. Илгери апаларыбыз деле жоолук салынышчу. 20-30-жылдан бери айымдарга жоолук салынуу зарылдыгын хадистер менен түшүндүрүп, жоолуктун маанисин ачып берүүгө аракет кылдык. Ошондон уламбы, жүрөгүндө ыйман ойгонуп, эл арасында жоолук салынуу тенденцияга айланып, азыркы учурда жоолук салынууну жактыргандар көбөйдү.
Бирок, ошол эле учурда жоолугун чечип салгандар да кездешип жатат. Негизи ыйман кээде өсүп, кээде азайып турат. Ошон үчүн адамдар бир учурда эгесин тааныгысы келет. Ошондо парзымды аткарайын деген жүрөгүндө сезими болот. Бирок, ушул жүрөктү ойготкон сезимди да багып, билим алып, билбегенин үйрөнүш керек. Адам баласы ошол сезимди гүл өстүргөндөй бакса, ыйманы ашып, улам жаңы барак ачыла баштайт. Ошон үчүн жоолук салындым. Парзымды аткардым эле деп тим болбой окуп, андан ары да тереңдетип билим алып, адам өзүн өстүрүүнү колго алышы керек.
Негизи жоолукту ар ким ар кандай жагдайдан улам салынат. Бири стресске кабылып, жашоо баалуулуктары өзгөргөндө салынат. Бири жаман илдеттен арылуу үчүн салынууга аргасыз болот. Бири жоолук салынууну мода катары көрөт. Ошон үчүн жоолук салынгандардын баарын эле жек көрүп, арапташып баштадык дей бербеш керек. Жоолук салынуунун зыяны жок.
Жоолугун чечип салгандарды да жектебей туура түшүнүшүбүз керек. Айтайын дегеним, ыйман бирде толуп, бирде азайып турат. Билим албаса ыйман азайып кетет. Ошон үчүн бүгүн жоолук салынгандар эртең шайтандын азгырыгынан чечип салышы мүмкүн. Ошон үчүн көп аялзаты окуп, билбегенин үйрөнүүгө аракет кылайын дебегени үчүн жоолукту бүгүн салынышканы менен бир канча убакыттан кийин кайра чечип салышат. Ошондуктан, жоолук салынганым эле жетиштүү дебей изденип, билим алышы керек.
-Жоолук салынгандын баарын ыймандуу деп ишенсек болобу?
— Ыйманы бүтүнү да, кеми да бар. Айтайын дегеним, айрым кыздар жоолук салынсам эле башкалар ыймандуу деп ойлошот деген ойдо болушуп, жоолук салынууну мода катары көрүшөт. Ошондой эле бизнесимди, сетевой маркетингимди жоолукчан кыздардын арасында өркүндөтөм деген максат менен да жоолук салынгандар бар. Бирок, баардык амалдар ниетке байланыштуу болот. Жоолук салынган кыздар акырындык менен билим ала берсе, булак тазаланган сыяктуу алган багыты түздөлөт. Булак деле биринчи чалчык болуп, көлчүк болуп, анан тазаланып агат го. Анысы кандай акырындык менен жоолук салынуунун маани маңызын жакшы түшүнүшө баштаганда чечпей салынып калышат.
Негизи бейишке кирүү оңой эмес. Ошон үчүн кыяматты ойлой жүрүшүбүз керек. Ниетибизди түздөп, напсини тыйышыбыз керек. Пайгамбардын апасы каза болоордо келме айт дейт. Ал киши келме айтканга үлгүрбөй үзүлүп кетет. Ошондо пайгамбар Аллахка жалынып, мусулман болбой калды. Эми бейишке кирбей калат. Жазанын эң жеңилин бер деп суранат. Жеңил жаза бутуна галош кийгизип, мээсин кайнатып турган жаза болот. Ошон үчүн бейишке кирүү үчүн өмүр бою напсиң менен күрөшөсүң. Арам иштерден сактанып, карманып, жашоодо көп кыйынчылыктан өтөсүң.
-Бишкекте, түштүктө көздөрүн гана ачып, капкара паранжы кийгендер көбөйдү. Паранжы кийгендер ислам дининдеги ханафий масхабына каршы келген агымдардан эмеспи?
-Мен супермаркетке кирсем эч ким деле карабайт. Никапты өтө сулуу болуп, элдин баары мени карайт дегендер кийсе болот. Бирок, азыр никап кийгендер көбөйдү. Эгер кара никапчан аял кирип келсе, элдин баары карайт. Негизи никап маселеси пайгамбардын аялдарына таандык. Айша энебиздин күчү менен пайгамбарлардын аялдары өзгөчөлөнүп турушсун деп никап кийгизишкен . Бул бир. Экинчиси, арап мамлекеттеринде өтө ысык болгон үчүн да беттерин жабат. Биз Орто Азиядагылар никап кийбей койсок деле болот. Элдин жүрөгүн түшүрбөй. Негизи кыргыздар ээрчигенди жакшы көргөн калкпыз. Саудияда, Пакистанда окугандар никап кийип алса, аларды туурап башкасы да кийип жатышат. Тыштан билим алгандар никапты Кыргызстанда жайылтууга аракет кылышат. Чынында Кыргызстанда никап кийүүнүн кереги деле жок.
-Никап кийгендер башка агымдын мүчөлөрү эмеспи?
-Ошондой болушу да мүмкүн. Кээде никап кийгендер өзүнчө түшүүнүктөрү да бар экенин байкап калам. Ошон үчүн динден сабатсыздыкты жоюуда кайсы мектептен,кандай жамааттан билим алып жатканын байкашыбыз керек. Мен негизи эл кийген эле кимимдерди кийип, үрп-адатты сактаган адамдардан анчалык деле өзгөчөлөнгүм келбейт. Ошон үчүн чапан болсо, чапан кийип, эл катары эле жүргөндү туура көрөм.
—Жамал эже, дагы бир жагдай тууралуу пикириңизди уккум келип жатат. Кечээ эле жарым-жылаңач жүргөн ырчылардын көпчүлүгү бүгүн жоолук салынып, ал тургай башкаларга туура жоолук салынууга, туура даарат алууга үйрөтөбүз, кошумча арыктатабыз деген курстарды ача башташты. Туура намаз окуп, даарат алганды алым, такыба аялдар эмес кечээ эле элдин оозунда кеп болуп жүргөндөрдүн үйрөткөнү туурабы?
-Негизи бир айлык курсту окуп алып,башкаларга үйрөтөм деген туура эмес. Дин өтө аяр мамиле жасала турган нерсе. Ар кайсыны айтып, элди иренжитпеш керек. Жогоруда айткандай, жоолук салынсам эле болду дебей окуп, издениш керек. Негизи туура намаз окууну, туура дарат алууну такыба, алымдардан окуп үйрөнсө жакшы болот. Ал эми жаш кыз-келиндер билимин тереңдетип, билбегенин үйрөнүп алса, андан да пайдалуу болмок. . Такыба болуш үчүн 15-20-30 жыл окуйт. Ал турсун куранды туура окушту үйрөнүш үчүн да бир жыл окуйт. Ошон үчүн жоолук салынууга, намаз окууга ниет кылгандар эрикпей билим алышы керек.