2023- жылдын 10-мартында саат 14-00 дө «Плаза Бишкек» отелинин жыйындар залында «Өлкөдөгү адам укугунун азыркы абалы» деген темадагы тегерек стол болот.
Бул жыйынга мамлекеттик бийликтин, сот жана укук коргоо органдарынын жооптуу кызматкерлери, саясий жана коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, адвокаттар, Кемпир-Абад окуясына байланыштуу камакта жаткан жарандардын үй-бүлөө мүчөлөрү чакырылат.
Каттоо 13-30да башталат. Ал эми тегерек столдун демилгечиси өлкөдөгү алгачкы адам укугун коргоо уюму болуп эсептелген Жыйынды Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун жетектейт. Жыйындын негизги максаты Кыргызстанда адам укугунун абалы талкууланат. “Адам укуктарынын жалпы Декларациясынын” 12 беренеси жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6 беренеси боюнча сөз болот.
Домой Жаңылыктар Турсунбек Акун өткөргөн 10-марттагы жыйында өлкөдөгү адам укугунун азыркы абалы жөнүндө сөз...