-Бишкек Сити түшө турган Орок айылында тиктоникалык жарака бар деген кептер айтыла баштады. Курулуш башталаарда андай жараккалар эске алынабы?
-Орок айылына Бишкек Ситини курабыз десек, жер тилкеси бар адамдар заматта баасын көтөрүп койду. Эми ал жерде тиктоникалык жарака бар экен десе баасы түшө баштайт…Бул сөздү балким, ушундай максатта айтып жатышкандыр. Негизи биз Бишкек ситини кооптуу, жердин жаракасы бар жерге курбайбыз. Курулуш башталаарда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзөбүз, адистердин изилдөөлөрүн эске алабыз. Кооптуулугу жок, курса болот десе анан курабыз.
-Нариман Түлеев “мэр болуп турган кезинде кезекке туруп үй берген системаны жандандырдым эле” деп көп айтат. Сизде да кезекке туруп, үй алууну ишке ашырам деген максатыңыз барбы?
-Албетте бар. Буюрса, 5-6 квартира эмес, бир канча подъездден турган 3-4 үй куруп, кыргыздын намысын талашкан, мамлекетке сыйлык алып келген, жана түрдүү шарттар менен үйгө жетпей кезекте тургандарды үй менен камсыз кылабыз деген чоң максатыбыз бар. Быйыл үй куруу маселесин баштайбыз. Бул маселени жандандырып, күчөтөбүз. Алгач 3-4 үй курсак, кийинки жылы андан дагы көбөйтөбүз.