Домой Жаңылыктар Депутат электрондук сигарет чеккен айымдарга кабатыр болууда

Депутат электрондук сигарет чеккен айымдарга кабатыр болууда

23

Бүгүн, 2-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар маселелер айтылды.

Депутат Шаирбек Ташиев акыркы жылдары жаштар, айрыкча кыз-келиндер арасында электрондук тамеки чеккендердин саны көбөйгөнүн эске салды.

“Анын курамы кандай, ден-соолукка зыяндуулугу канчалык изилдеп, тескеген эч ким жок. Электрондук тамекилер негизинен Кытайдан келип, Кыргызстанда ээн-эркин эле сатылып жатат. Ден соолугу чың коом гана өнүгүп-өсө аларын эске алганда ичине белгисиз суюктук куюлган мындай зыяндуу заттарды азыртан көзөмөлдөө керек. Электрондук тамекиге көз каранды бүтүндөй бир муундун жаралышына өбөлгө түзүп, кийин өкүнүп калбайлы”, – деди.

Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Шарапаткан Мажитова коомчулуктан электрондук тамекини чектөөгө байланышкан сунуштар көп түшүп жатканын маалымдады.