Домой Жаңылыктар Бишкектеги чуулгандуу кырсык. Интернетте окуяга күбө болгон дагы бир видео тарады. Видео

Бишкектеги чуулгандуу кырсык. Интернетте окуяга күбө болгон дагы бир видео тарады. Видео

3312

Социалдык тармактарда Бишкектеги чуулгандуу кырсык болгон жерде тартылган дагы бир видео пайда болду. Видео Тез жардам борборунун бейрасмий Facebook баракчасына жарыяланды.

Видеодо окуянын катышуучуларынын бири өтүп бара жаткандарга эмне болгонун түшүндүрүүгө аракет кылып жатат. «Мен унаанын үстүндө болчумун. Башым айланып кетти. Аялым машина айдай албайт. Мен аны токтотууга аракет кылдым, бирок ал айдап кетти», — дейт ал.

Окуяга күбө болгондор ал киши мас болгон деп шектенип жатышат. Эскерте кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө борбор калаанын көчөлөрүнүн биринде тартылган коркунучтуу видео тараган.

Автордун айтымында, аял күйөөсү менен уруша кеткенден кийин Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен андан качып кетүүгө аракет кылган, бирок эркек киши унаанын чатырына секирип кеткен.

Ошентип, алар бир нече убакыт бою унаалар көп каттаган чоң жол менен жүрүштү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин айдоочу рулду башкара албай калган — унаа арыкка тайып, мамыны сүзгөн.

Эркек чатырдан учуп чыгып, үйдүн дубалын сүзгөн. Ордунан туруп, аялды кууп жетип сабап кирди. Окуяга күбө болгондор агрессорду тынчтандырууга аракет кылышкан.