Домой Жаңылыктар Эмилбек Абдыкадыров: быйыл бала бакчаларды курабыз

Эмилбек Абдыкадыров: быйыл бала бакчаларды курабыз

16

«Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттигинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун муниципалитеттин иши жана 2023-жылга карата милдеттери боюнча пресс-конференциясы өтүүдө.

Анын айтымында, быйыл бала бакчалардын курулушуна көбүрөөк көңүл бурулат.

«Биз мектептерди куруп жатканда шаардыктар бала бакчаларга көңүл буруп, аларды курууну суранышкан.

Быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курууну пландап жатабыз, айрыкча биздин конуштарга», – деди мэр.

Ошентип,

2023-жылы имараттардын титулдук тизмесинин долбоорунда төмөнкүлөр каралат:

— 130 орундуу «Сетун» бала бакчасын оңдоо жана калыбына келтирүү;

— №31 бала бакчаны 100-орундук оңдоо жана калыбына келтирүү иштери;

— «Ак-Ордо» конушундагы 280 орундуу бала бакча;

— «Арча-Бешик» конушундагы 180 орундуу бала бакча;

— «Келечек»конушундагы 100 орундуу бала бакча;

— «Дордой»конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Көк-Жар»конушундагы Молдокулов көчөсүндөгү 280 орундуу бала бакча;

— «Кыргызстан-1» конушундагы Самойленко көчөсүндөгү 140 орундуу бала бакча;

— «Калыс-Ордо» конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Мурас-Ордо» конушундагы 320 орундуу бала бакча;

— «Учкун»конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Бакай-Ата» конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Ак-Босого» конушундагы 140 орундуу бала бакча;

— «Ак-Бата»конушундагы 660 орундуу мектеп.