Ош шаарында жергиликтүү тургундун үйүнөн дээрлик 2 кг гашиш табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, 1987-жылы туулган аялдын үйүн тинтүү учурунда, күч органдары 1 кг 904 салмактагы 4 даана гашиш менен афгандык гашиш табышкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда кызматкерлер бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.