Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов эл өкүлү Руслан Жакышовго улуттук армияда «дедовщина» жок экенин билдирди.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде депутат Руслан Жакышов аталган жагдайды сурады.
Армияда кызмат өтөп жатып өз өмүрүнө кол салган аскерлер тууралуу кеп кылып, аларды иликтөө жана мындай жагдайлардын кайталанбашын камсыздоо жаатында кандай жумуштар аткарылып жатат. Муну менен катар армияны күчтөндүрүүгө чакырып, аймактарда маалыматтын жоктугунан альтернативдик кызмат өтөөгө байланышкан талаштуу жагдайлар жаралып жатканына токтолду депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров аскердик кызматтарда үстөмдүк кылуу, уруп-согуу толук жоюла электигин белгилеп, эгер мындан бир аскердин мурду канай турган болсо командири камаларын эскерткен.