Домой Жаңылыктар Бишкекте эртең №31 автобус каттамга чыгат (Жүрүү схемасы)

Бишкекте эртең №31 автобус каттамга чыгат (Жүрүү схемасы)

14

Бишкек шаарында 27-февралдан тарта №31 автобус каттамга чыгат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, жаңы ачылган автобус каттамы Ынтымак конушунан баштап №101 кичи автобустун маршрутту менен жүрөт.

Анын узундугу 34 чакырымды түзөт.

Буга байланыштуу эртең, 27-февралдан тарта №101 маршруттук таксинин каттам схемасы өзгөрөт.

Аталган линияда 15 автобус бар. Кыймыл аралыгы — 7 мүнөт