Бүгүн, Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасы менен Кыргыз өкмөтү Баткен облусунан баштап Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун аким, айыл өкмөттөрүнө «Chrvrolet Captiva» маркасындагы жаң кызматтык унааларды тапшырып берип жатат.Аталган унаанын кыймылдаткычынын көлөмү 1.5 турбо, вариатор. Башкача айтканда мамлекеттик казына үчүн да өтө экономдуу унаа. Эски Нива, ВАЗ маркасына караганда комфорттуу жана эксплуатациясы бери дегенде эле 10 жылдан кем эмес. Жакшы жери, бул унаалардын ар бирине GPS коюлган. Мурдагыдай ар ким өз билемдигине салып, каалаган аш-тойдо жүрө албайт. Мамлекет ар бир жүргөн унаанын маршрутун, убакыт-саатын, чыгымын өзү көзөмөлдөп турат. Элдин салыгынан сатылып алынган мүлк, элге гана иштейт. Бул унаалар Президенттин Иш башкармалыгы тарабынан Кыргызстанга алынып келинди.
Домой Жаңылыктар Президенттин тапшырмасы менен аким, айыл өкмөттөрүнө «Chrvrolet Captiva» маркасындагы жаңы кызматтык унаалар...