Домой Коом Каныбек Осмоналиев: «Президент Садыр Жапаров эл алдында тарыхый бир милдетин аткарды»

Каныбек Осмоналиев: «Президент Садыр Жапаров эл алдында тарыхый бир милдетин аткарды»

9

-Президент Садыр Жапаров эл алдында тарыхый бир милдетин аткарды. Мындай кадамга баруу кандай эркти жана кайратты талап кылаарын туура түшүнөлү. Жолугушуу бейтарап өлкөдө болуптур. Чынында ал жерде кандай кырдаал жана макулдашуулар болгондугу бизге белгисиз. Бирок, экстердин толук келиши көп нерсени айтып турат. Эмки кезек алардын өзүндө калды. Кандай чечимге келишет? Элден кымырган байлыктарын ачыктап, кечирим сурап «адам кейпине келе алышабы» же адаттарынча Садыр Нургожоевичти ыңгайсыз абалга калтырышп туш-тарапка басып кетишеби? Кеп так мына, ушунда! Бирок, бул жолугушуу — өтө таң калаарлык саясий окуя болду. Мезгил өзү баа берет!