Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө Кыргызстандан 182 адам жөнөтүлгөн.
Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучулары . Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышкан.
Түрк тууганадар куткаруучуларыбызды кол чабуу менен узатты. Кыргызстанда куткаруучуларды Өзгөчө кырдаалдар министри баш болуп, салтанат менен күтүп алды. Эң негизгиси, түрк туугандарга жардам берип айрым учурда ажалга арачы болуп өмүр шамын жандырган куткаруучуларыбыз, баатырларыбыз аман-эсен келди.