Домой Жаңылыктар Аскар Акаев Садыр Жапаровдун тегерегине биригүүгө чакырык жасады

Аскар Акаев Садыр Жапаровдун тегерегине биригүүгө чакырык жасады

6

 

Аскар Акаев президенттердин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу өз пикирин билдирди.
“Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров шайлангандан бери эки жыл аралыгында мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти. Кыргызстанда бүгүнкү күндө өлкө үчүн зарыл болгон экономикалык жылышка жана андан ары динамикалык туруктуу өсүшкө шарттар түзүлдү.
Мына ушундай шартта президент Садыр Жапаров мурунку президенттердин баарын жалпы дасторконго чогултуп, тарыхий маанилүү кадамга барды. Чынында эле бул тарыхый окуя, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтканда, “Кылым карытар бир күн” деген окуя болуп калды.
Бул элдин жогорку талаптарынан жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоонун негизинде ишке ашкандыгына түздөн-түз мамилеси бар экендиги мага ачык көрүнүп турат.
Бул кадам менен, балким Садыр Жапаров мурдагы нааразычылык, таарынышууларды жоюп, биримдик менен өзүнүн саясий даанышмандыгын, адамдык берешендигин көрсөттү.
Албетте, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө өлкө президентинин түздөн-түз жана негизги конституциялык милдети. Бул милдетти иш жүзүндө толук ишке ашыра баштаганы кубандырат.
Жеке мен бул демилгени колдоп, Кыргызстандын бакубат келечеги үчүн, кыргыз коомундагы стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн кесиптештеримди макул болууга жана колдоого чакырдым.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы Кыргызстан элин эл шайлаган президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригип, учурдагы ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам!”,-деди ал.