Домой Коом Тургунбай Алдакулов, журналист: Садыр Жапаровдун тарыхый кадамын туш тараптан колдойлу, мурдагы...

Тургунбай Алдакулов, журналист: Садыр Жапаровдун тарыхый кадамын туш тараптан колдойлу, мурдагы президенттер тарапташтарын тыйып, тынч оокатын кылсын

19

Айып издесеңер баары таза эмес. Баарынын колу канга боёлгон. Акаев Аксы окуясында, Бакиев 7-апрелде, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдор Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү болуп турганда кан төгүлгөн. Эми ушулардын баарын кайра-кайра козгоп, бирин аяп, бирин кордогондон пайда жок.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тарыхый кадамын туш тараптан колдойлу. Мурдагы президенттер тарапташтарын тыйып, тынч оокатын кылсын. Тообосуна келип, ушунчасына шүгүр кылсын. Ичтен, сырттан душмандык кылууну каалаган душмандардын жүзү ачылып, пландары талкалансын. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак, өсүп, өнүгүү болсун.