Домой Коом Асан Турсункулов, сүрөтчү: Садыр Жапаровдун ушул кадамы эң татыктуу мыкты кадам! Ошон...

Асан Турсункулов, сүрөтчү: Садыр Жапаровдун ушул кадамы эң татыктуу мыкты кадам! Ошон үчүн кош колдоп колдоймун!

46
төңкөрүштөн улам Курманбек Бакиев келди. 2010- жылдан кийин убактылуу коюп туралы дешип бир жарым жылга Роза Отунбаеваны апкелишти. Анан Алмазбек Атамбаев келди. Алты жыл башкаргандан кийин өзүмө ыңгайлуу деп Сооронбай Жээнбековду такка отургузду. Бул эми өткөн тарых. Тынч төңкөрүштөн кийин Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду такка алып келди. Бул жаңы тарых…
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгени буларды талкалап элге жаман көрсөтүүдө үстүндө аты аталган пашалардын үлүшү жок эместир… Кандай болгон күндө да президент Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, Акылбек Жапаровдун, Нурланбек Шакиевдин жасап жаткан иштери алкоого аларлык десек болот. Кыргыз бийлигин тизгинин кармап турган төрт эр жигитке ынтымак деген аба суудай керек!
   Ал эми кечээ күнү президент Садыр Жапаровдун билдирүүсү мени кубантты. Кыргыз элинде «Атаңды өлтүргөнгө энеңди ал бер» деген макал бар. Бул жөн макал эмес. Өчөшкөндөр кечиришип ынтымакта бол деген кеп. Ушунча болду мурунку президенттер акыл эстүүлөр. Элден кечирим сурашар. Ташып кеткенин алып келишер?…
Садыр Жапаровдун ушул кадамы эң татыктуу мыкты кадам! Ошон үчүн кош колдоп колдоймун! Падышалык такка отуз жылдан бери алты адам отурду. Падышанын тагы оор экенин сезишти. Ынтымакка келгени дурус болот! Эгер ынтымакка келбесе, ар жерде жүрүп өлөт… сөөгү Кыргыз жерине келбейт! Падышалар үчүн акыркы мүмкүнчүлүк!…