Домой Маек Меңди Мамазаирова, Кыргыз.эл акыны, драматург: «Садыр Жапаровдун бул кадамы дүйнө жүзү алдында...

Меңди Мамазаирова, Кыргыз.эл акыны, драматург: «Садыр Жапаровдун бул кадамы дүйнө жүзү алдында да күтүүсүз  болду, кекти кечирүү, өчтү өчүрүү — зор иш»

516

Президенттин бул кадамы кеменгерлик жана мекенчилдик!
Адам баласынын жашоо тарыхында кек жана өч деген түшүнүк жашайт. Тар формасында эки кишинин ортосунда болуп өтчү процесс. Кенен формасында эл менен элдин, улут менен улуттун, мамлекет менен мамлекеттин ортосунда болчу нерсе.
Учурда, кыргыз президенти Садыр Жапаровдун да башынан катаал, опурталдуу күндөр, окуялар өткөнү жумурай журтка дайын.
Садыр Жапаровдун эки жыл ичиндеги президенттик башкаруусунда да өтө олуттуу окуялар жүз берип жатат. Эки жыл бир караганда кыйла убакыт. Тарых фонунда бир бүркүм мезгил. Ушул аралыкта чөгүп калган, 30 жыл ичи омкорулган мамлекеттин бар, жогун, ички- тышкы саясатын акылдан өткөрүп, бардык параметрде ой жүгүртуп, бир бүтүмгө келүү -оңой маселе эмес!
Садыр Жапаровдун бу кадамы дүйнө жүзү алдында да күтүүсүз  болду. Прогрессивдүү кадам деп эсептейм жана кол чабам! Мен саясатчы эмесмин. Ошентсе да менин эс- жадымда эч бир мамлекеттерде мындай окуя эсимде жок (балким чыныгы саясатчылар билер).
Экс — президенттердин башын кошуп, жарашуу, өткөн кемчиликтерди моюнга алуу, бири биринин каталыктарын акыл менен кечирүү деңгээлине жеткирүү — өз мамлекетти…
Антпесе, ар бир президенттин жакындары ичи ара айтышуу, бөлүнүү, жаман, жакшы жоруктарга баруу калың элди эбак жадаткан. Бул бир мамлекетти онго, жыйырмага бөлүнүүгө жеткирилди. Аны аргумент, факты менен айтып отурууга көптөгөн убакыт талап кылынат. Кылымдарды кучагына алган кекти кечирүү, өчтү өчүрүү — зор иш. Андан көрө «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» бир муштумга биригүү,биргелешип мамлекет куруу алда канча мыкты иш.
Кеменгер президент ушуга умтулуп атат. Эң жакшы колдой турган иш.
Президенттин прогрессивдүү кадамын эл колдоп, экс- президенттердин жүрөгү бири бирине, мамлекетке биротоло агаруу жолуна түшкөй эле, Садыр Жапаровдун ак тилектуу позициясы жүз пайыз ишке ашкай эле деп тилек кылалы!