—Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурунку президенттерин мамлекетибиздин келечеги үчүн бир столго отургузганы туура болдубу?
-Президенттин бул аракетин эң туура кадам деп эсептейм. Президент өзүнүн кыргыз элине кайрылуусунда мурунку президенттерди бир столго отургузуп, ынтымакка келгендерин так түшүндүрүп берди. Калкыбыз аз эл болсок да бөлүнүп отурсак эч качан өсүү, өнүгүү болбойт өлкөбүздө. Ырыс алды ынтымак деп бекеринен ата-бабаларыбыз айтып келген эмес. Өзгөчө азыркы дүйнө жүзүндөгү өтө татаал саясый, экономикалык мезгилде кыргыз эли биримдикте болушу зарыл. Садыр Жапаров кыргызстандын мурдагы президенттерин бир сттолго отургузуп өзүнүн кеменгерлигин көрсөттү.