Домой Без рубрики Алмазбек Акматалиев, профессор, политолог: «Садыр Жапаров Президент катары өз кадамын...

Алмазбек Акматалиев, профессор, политолог: «Садыр Жапаров Президент катары өз кадамын жасап, тарыхий вазийпаны аткарды. Кезек мурунку президенттерде»

181

-Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын келечеги үчүн  мурдагы президенттердин баарын бир столго отургузуп, ынтымакка чакырыптыр. Эми бир жакадан баш,бир женден кол чыгарып, таарынчтарын жутуп, мамлекеттин биримдигин бекемдей алышабы?

— Бул абдан сонун жана маанилүү жаңылык. Дүйнө өтө опурталдуу болуп турат, аны баарыбыз көрүп- билип, түшүнүп атабыз…Так ушундай учурда Президент Садыр Жапаров мындай стратегиялык кадамга барганы кубантат. Тышкы чөйрөдө олку-солку турган кезде ал бир улут лидери ички ынтымакты чыңдаганды ойлойт. Бул турган иш. Ансыз ийгилик жаралбайт, келечек күмөн бойдон тура берет. Ички араздашуу, бири бирин мазактоо, өз ара чукулашуу так ошол мурунку президенттердин жактоочуларынын арасында болуп атканы жашыруун эмес. Ошолордун баштарын кошуп, бир дасторкондун боюна отургузуш да оңойго турбайт эле. Аны да түшүнүш керек. Садыр Жапаров мырза Президент катары өз кадамын жасады. Тарыхий вазийпаны аткарды. Эмки кезек мурунку Президенттерде… Алар да жеке жоопкерчиликти сезип, өз жактоочуларын ынтымакка чакырып, Кыргызстанды ушул кыйын убакта алдыга сүйрөгөнгө үндөш керек деп ойлойм. Бул тарыхий күн, тарыхий жышаан…Элдин биригүүсү ушундай татаал чечимдердерден жана кадамдардан башталат.