-Кудайдан болуп, Германия, Кыргызстандын 14,9млн$ тышкы карызын кечиптир. Эми Германиядагы тышкы карызга төлөнүүчү каражатка ипотекалык үйлөр курулат экен. Бийликтин бул аракетин колдосок болобу?
-Германиянын биздин карызды кечкени, аны ипотекага жумшоо шартын койгону жакшы. Кыргызстанда ипотека жаатында бул каражат, өкмөт бөлүп жаткан каражат да жетишсиз. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши чабал. Камсыздандыруу фонду деп түзүп, пайдасыз, жыйынтыксыз, айлык алып олтурган башкармалар эле көп. Президент демилгелеген, борборго, ар бир ийри шаарларга сапаттуу, өздүк баада ипотекалык батирлерди куруу иштери жүрсө кезек азаймак. Шарттарын, куруу мөөнөтүн, сапатын тиешелүү органдар көзөмөлгө алып, системдуу иш жүргөндө кана жыйынтык болуп, эл ыраазы болот.