-Өкмөт кудай буюрса, 2026 жылдан баштап, Кумтөрдөгү уулуу калдыктар сакталган жайды кайра иштетип, алтын алууну пландалып жатыптыр. Бул демилге ишке ашат деп ишеним артсак болобу?
— Былтыркы жылдан бери чет элдик компаниялар ушул демилгени ишке ашыруу боюнча келип жатышат. Алардын ичинде Туркиянын алтын казган компаниялары да бар. Кумтөрдөгү таштандынын өзүнөн 12 тонна алтын чыгышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Менимче, бул колдоого алаарлык демилге. Анткени, күн бетин көргөн алтындын составы өзгөрөт дешүүдө. Жөн эле жер алдында калып, бузулгандан көрө экология министрлигинин көрсөткөн эрежесине ылайык казып алуу туура демилге деп ойлойм.