Домой Коом Мадин Итикеев: “Дүйнөлүк практикада уулуу калдыктардан калган алтынды кайра иштетип,  көп киреше...

Мадин Итикеев: “Дүйнөлүк практикада уулуу калдыктардан калган алтынды кайра иштетип,  көп киреше табышат”

15

-Кудай буюрса, 2026-жылдан баштап кумтөрдөгү уулуу калдыктар сакталган жайды кайра иштетип, алтын алуу пландалып жатыптыр. Бул демилге колдоо табабы?

-Дүйнөлүк практикада уулуу калдыктардан калган алтынды кайра иштетип, алтын куймаларын алуу, аз энергия жумшап көп киреше табуу жолго коюлган. Биз дагы, так ошолордун методикасын колдонуп, калдыктардан алтын чайкап алсак, анда эң жакшы болот. Атайын адистерибиз эгерде мыктылап аракеттерин кылышса, өтө чоң экономикабызга жардам кылышкан болоор эле. Менин жеке пикиримде уулуу калдыктардан  алтынды чайкап алган туура. Бул колдоого алаарлык демилге. Иштеп жаткан кесипкөй адистерге жардам беришибиз керек. Депутаттар мыйзам жагынан да тоскоолдуктарды жеңилдетип берүүлөрү зарыл.